Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 26
«Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык обьектилерге калтырылган жерлерге муниципалдык курулуштарды куруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө» шаардык кеңештин 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 2-3/82 токтомунун аткарылышы жөнүндө
Баткен шаарынын инфраструктурасын көтөрүү максатындагы жаны конуштарда планга ылайык калтырылган социалдык обьектилердин бүгүнкү күндөгү абалы боюнча, Баткен шаардык кеңеши 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 2-3/82 токтому менен каралган маселелер үчүн берилген тапшырма, милдеттер бүгүнкү күнгө чейин толук аткарууга алынбай келген. Социалдык обьектилер үчүн калтырылган жер аянттарына мамлекеттик күбөлүк ( ГосАКТ) 1-2 гана обьектиге алынып калган обьектилерге алынбаган. Жыл сайын обьектилер үчүн калтырылган жер аянттарына мамлекеттик АКТ алу үчүн бюджеттен каражат бөлүнүп келет. Социалдык обьектилер үчүн калтырылган жер аянттарынан каражат табу максатында ижарага берилген ижарачыларга ар кандай мөөнөтө берилген.Ижарага берилген жер аянттары келишимде аянттары башка көрсөтүлсө факт башка, Мындан тышкары менчиктештирилгендер да жок эмес. Социалдык обьектилер үчүн калтырылган жерлер өз багыты менен иштөөсү үчүн көрүлгөн чаралар жетишсиздиги ижарага алышкан атуулдар тарабынан жерлерге көп жылдык бак дарактарды олтургузуп бака айландырылганыдыгы менен далилденип турат. Баткен шаарынын 6 кварталынынын жаны конуштарына 2000-2010-жылдар аралыгында 41 обьект үчүн жер калтырылган болсо анын ичинен 4 –обьект гана курулуп ишке берилген, калган 37 обьек белгиленген боюнча туруп анын ичинен да 4 обьектин жери ижарага берилип калган 33 обьектин жери бүгүнкү күндө бош турат. (маалымат тиркелет) Бош турган обьектилер негизинен Чет-Булак массивинде жана Айгул-Таш подстанциясында болгондуктан ал жерлерге эгин эгүү мүмкүнчүлүктөрү жок. Эгер социалдык обьектилер үчүн калтырылган жерлер ушундай денгээлде каралып келсе аталган жерлер бара-бара өз багытын жоготуп менчиктештирилүүгө өтүп кетүү коркунучу туулат. Мисалыга алып көрсөк Кызыл-Жол кварталынын түштүк тарабынан социалдык обьектилер үчүн калтырылган жердин 1 га жер аянтынын 0,46га кыскартылып калган, 0,46 га ичинен да 0,20 га 20 жылга келишим түзүлүп көп жылдык бак тигилип калган. Ошондуктан шаар аймагындагы социалдык обьектилер үчүчн калтырылган жер аянттарын көп жылык бак дарактарды олтуругузууга тыюу салуу керек. Ошондой эле көрүнүш Кызыл-Дон кварталынын Ак-Таш жаны конушунда орун алган. Ак-Таш жаны конушуна болгону 2 социалдык обьектт пландаштырылган. 1- дүкөн 2-ФАП. Ал жерлер бүгүнкү күндө дүкөн үчүн жер аянты менчиктештирилип, ФАП үчүн пландалган жер 20 жылга ижарага берилген көп жылдык бак олтургузулуп ижарачынын огородуна кошулуп калган. Ал жерди 20 жылдан кийин ФАП курулут деп жашоочулардан эч ким ишенбейт.
Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык жер аянттары, КБФ жер аянттарын толук түрдө реестрин жүргүзүү менен мам.АКТ менен тастыктоо шаар мэриясы тарабынан толук түрдө колго алынууга тийиш.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык кеңеши 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 2-3/82 токтому кайрадан аткарууга алуу жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалыдк менчиктин балансасындагы бардык жерлерди: социалдык обьектилер, КБФ жерлери, бактар үчүн (шаар мэриясына тиешелүү болгон обьектилер үчүчн) мамлекеттик АКТ менен камсыздоо менен кезектеги сессияда маалымат берүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Шаар аймагындагы жаны конуштарда башкы планга ылайык социалдык обьектилер үчүн калтырылган жер аянттары өз багытында муниципалдык менчикте пайдаланылсын;
4. Шаар аймагында башкы планга ылайык бекитилген социалдык обьекитилердин жерлеринин багытын башка багыттарга өзгөртүүгө тыюу салынсын.
5. Шаар аймагындагы ижарага берилген КБФнын, социалдык обьектилердин жерлеринин ижара келишимдери кайра карап тактап чыгылсын:
-ижарга берилген жерлер шаардын кызыкчылыгы үчүн зарыл учурда ижара келишими бир тараптуу бузулууга жатаарын, ижарачыларга келишимде көрсөтүү жагы шаар мэриясына эскертилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик, айыл чарба агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |