Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 27
Баткен шаарын сугат суу менен камсыз кылууда СПАнын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Баткен шаарынын өсүп өнүгүүсүнө, айыл чарбалуу шаар болуп саналган, биз жашаган шаардын бак дарактарынын, эгин талааларынын жашарышына түздөн-түз Баткен-Базар-Башы СПАсынын салымы чон. Баткен-Базар-Башы СПАсы 2002-жылы «суу пайдалануучулар ассацациялары жөнүндө» Мыйзамга ылаыйык түзүлгөн.Бул уюм шаардын Аэропорт, Баткен, Базар-Башы, Паран массивинде жайгашкан тургундарды тейлейт.Шаар боюнча жалпысынан алганда 1506 га жер аянтын суу менен камсыздоону жүргүзөт. СПАнын балансасында жалпысынан 12 км. Ашык ички чарбалык канал бар. Анын ичинен жер каналы 4 км, бетондолгон канал 7 км. Баткен-Базар-Башы СПА 2016-жылга түзүлгө бюджети 417397 сом., анын ичинен 99764 сом баткен райондук суу чарба башкармалыгын төлөнөт. УО сменен бир жылга 11миң 954 м3 сууга келишим түзүлгөн. Азыркы күнгө чейин УОСко суу үчүн 21250 сом гана төлөнгөн жана ичики каналдарды ремонттоого 150,0 миң сом, эмгек акыга 133,0 миң сом анын ичинде соц.юондго кошо чегерилет. Транспорттук чыгымдарга 17500 сомдук сметасы бекитилген.
СПАнын азыркы учурдагы жаны жетекчилиги СПАнын ишмердүүлүгүн бир топ жакшырытып койгон десек болот. Шаарды жаз мезгилинен сугат суу менен камсыздоодо бир топ иштер жасалып аракеттер көрүлүп жаткандыгы далил десек болот. Сугат суунун пайдалангандыгы үчүн төлөм акысы СПАнын кеңешмесинде жыл башында бекитилип алынат.Бирок ошол тарифтер кандай расчеттор менен кайсы мыйзамдын негизинде бекитилет булл бүдөмүк бойдон калууда. Себеби эч жерде көрсөтүлбөгөн. суу бака да эгинге да бирдей баада болгондуктан кайсы жерге канча суу беришкен, кайсы жерде кандай эгин бар экенин түшүндүрө албайт. Ошондуктан сугат суунун төлөм акссын кайра карап тактоо жагы абзел. Мындан тышкары шаардагы көптөгөн дыйкан чарбалар СПАлар менен эмес түздөн-түз УОС менен иштешип жатат. СПАнын бирден-бир көйгөйү суу пайдалануучулар суунун аксын төлөшпөгөндүгү. Суунун акысын топтой албагандыктан ички каналдардын ремонт иштери бүтпөй келет.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен-Базар-Башы СПАсынын сугат суу үчүн төлөм акысынын тарифтери, отчет, учет иштеринин мыйзамдуулугун аныктоо менен тактоо жагы;
-СПАнын көйгөйлөрүн чечүү менен шаардын аймагына толук суу жеткирүү жагын көзөмөлдөө жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин муниципалдык менчик айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |