БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2016-жылдын 22- июну № 28
Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын I кварталынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 101 Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пункутунун 2-пункутчасына ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 14-июндгы протоколунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын Iкварталы үчүн бекитилген пландын аткарылгандыгы кабыл алынсын (тиркеме тиркелет)
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |