БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2016-жылдын 22- июну № 29
Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин 2017-2018-2019 жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 101 Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пункутунун 2-пункутчасына ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 14-июндгы протоколунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-2018-2019-жылдар үчүн болжолдуу долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме)
2. Бекитилген болжолдуу долбоорлор Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги менен макулдашылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |