Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22- июну № 30
Баткен шаарынын жергиликтүү 2016-жылдын бюджетинин II III кварталдарынын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө № 33 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун, 2-пункутчасына ылайык, жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 26-майдагы № 16 протоколунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын инфраструктурасын көтөрүү максатында, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жыл үчүн бектилиген сметасыннын II кварталдын 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 200,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты, шардын Айгүл-Таш жаны конушунун, Чет-Булак конушунун, Ботоникалык бак конушунун жана Баткен ИИБнын атайын отряды үчүн курулган имаратка трансформатор коюу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Баткен шаардык муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылга каралган сметасынын II кварталынын 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 43990 сом кыскартылып, Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн II кварталынын 2115 «Ар түрдүү чыгымдар кызмат көрсөтүү» статьясына 43990 сом көбөйтүлүп берилсин.
3. Баткен шаардык кеңешинин 2016-жылга каралган сметасынын III кварталынын 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясынан 115,0 миң сом, 2121 «Социалдык фондго чегерүү» статьясынан 19,8 миң сом баары болуп 134,8 миң сом кыскартылып, II кварталынын 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясы 115,0 миң сомго, 2121 «Социалдык фондго чегерүү» статьясы 19,8 миң сомго бары болуп 134,8 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
4. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылга каралган сметасынын II кварталынын 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясынан 45,0 миң сом,2121 «Социалдык фондго чегерүү» статьясынан 7,8 миң сом баары болуп 52,8 миң сом кыскартылып, III кварталынын 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясына 45,0 миң сом, 2121 «Социалдык фондго чегерүү» статьясына 7,8 миң сом баары болуп 52,8 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
5.Баткен шаар мэриясынын алдындагы «Таза суу» муниципалдык ишканасынын 2016-жылга карлаган сметасынын II кварталынын 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясы 70,0 миң сомго. 2121 «Социалдык фондго чегерүү» стаьясы 12,0 миң сомго баары болуп 82,0 миң сомго кыскартылып, III кварталынын 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясы 70,0 миң сомго, 2121 «Социалдык фондго төлөө» статьясы 12,0 миң сомго баары болуп 82,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
6. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 60,0 миң сом кыскартылып, Баткен шаардык спорт жана дене тарбия бөлүмүнүн 2115 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясына 60,0 миң сом көбөйтүлүп берилсин.
7. Баткен шарынын билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылга каралган сметасынын III-кварталынын 2232 «Электр энергиясына төлөө» статьясы 500 000 сомго кыскартылып, Баткен шаар мэриясынын 2016-жылга карлаган сметасынын III кварталына карлаган 2232 «Электр энергияга төлөө» статьясы 235299 сомго жана шаар мэриясынын алдындагы ММД 2016-жылга каралган сметасынын III-кварталынын 2232 «Электр энергягга төлөө» статьясы 264701 сомго көбөйтүлөп берилсин.
8. Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылга каралган атайын каражатынын эсебинен, сметага IIIкварталынын киреше жагы 287 000 сомго көбөйтүлүп берилсин: чыгаша жагынын III кварталынын 2221 «Кезектеги ремонт иштери үчүн» статьясы 287000 сомго көбөйтүлүп берилсин.
9. Баткен шаар мэриясынын алдындагы мунииципалдык менчик департаментинин 2016-жылга каралган сметасынын III кварталынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясы 142 000 сомго кыскартылып, Баткен шаардык мэриясынын 2016-жылга каралган сметасынын III кварталынын 2232 «Концелардык жана чарбалык товарлар» статьясы 142000 сомго көбөйтүлүп берилсин.
10. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин II кварталынын 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 20500 сом кыскартылып, Баткен шаар мэриясынын маданият бөлүмүнүн II кварталынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясына 20500 сом кошулуп берилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |