Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 31
Баткен-Төрт-Гүл, Баткен–Кызыл-Бел автожолдорун курууда, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине Кызыл-Жол АТОсунун аймагынан жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүүдө, убактылуу багытын өзөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө № 33 Мыйзамынын 31-беренсинин 5-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куру, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселлеери боюнча туркутуу комиссиясынын 2016-жылдын 10-июндагы № 18 протоколунун Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 3-июндагы № 01-22/315 катынын негизинде Баткен-Төрт-Гүл, Баткен-Кызыл-Бел автожолдорунун курулуш иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги көмөктөшүү иштерин жүргүзүү максатындагы ой пикирлерди эске алып, талкуулоо менен Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 13 токтому менен бекитилген «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуш куруу укугу» Мыйзамынын 1.7-главасынын 22-саттьясынын 1-пункутуна өзгөртүү киргизилсин:
-Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун күн батыш тарабынан, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине Баткен-Төрт-Гүл, Баткен-Кызыл-Бел автожолдорун куруда база куруу үчүн 6 га жер аянты убактылуу пайдаланууга берүү үчүн «Жайыт» Сх-2 багытындагы 6 га жер аянты убактылуу П-1 «Өндүрүштүк» багытка өткөрүлүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жана белгиленген мөөнөтүнөн кийин пайдаланылган жер аянтын калыбына келтирүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М. Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |