БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2016-жылдын 22- июну № 32
Баткен шаар мэриясынын алдында муниципалдык базар ачуу үчүн Баткен шаарынын Айгүл-Таш электр чордонунун аймагындагы 15,0 га жер аянтынын багытын өзөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 33 Мыйзамынын 31-беренсинин 5-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куру, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселлеери боюнча туркутуу комиссиясынын 2016-жылдын 10-июндагы № 19 протоколунун Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 26-майдагы № 03-4/833 катынын негизинде Баткен шаар мэриясынын алдында муниципалдык базар ачуу үчүн ой пикирлерди угуп, талкуулоо менен Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 13 токтому менен бекитилген «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуш куруу укугу» Мыйзамынын 1.7-главасынын 22-саттьясынын 1-пункутуна өзгөртүү киргизилсин:
- Баткен шаар мэриясынын алдында муниципалдык базар ачуу үчүн Баткен шаарынын Айгүл-Таш электр чордонунун аймагындагы 15,0 га «Айыл-чарба багытындагы» Сх-1, жер аянтынын багыты «Базар жана дүн соода зоонасы» Ц-3 багытына өзөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |