БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2016-жылдын 22-июну № 35
Баткен шаарындагы «Жаштык» жана «Жеңиш» паркына коммерциялык багыттагы курулмаларды курууга тыюу салуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 33 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунукутуна ылайы, Баткен шаардык кеңешинин курулуш куру, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 10-июндагы № 17 протоколунун негизинде, шардын инфраструктурсын көтөрүү, коопсуздугун камсыз кылуу максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынындгы «Жаштык» жана «Жеңиш» парктарына коммерциялык багыттагы курулмаларды (жеңил жана капиталдык курулуштар) курууга тыюу салынсын.
-Аталган парктарга мурда жеңил конструкциядагы курулмалар үчүн ижарага берилген курулмалардын берилген мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра келишимди токтотуу жагы шаар мэриясына эскертилсин.
2.Токтом жалпыга шаардык «Өрүк зар» газетасы аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |