Редакцияот 22.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2016-жылдын 22-июну № 36

Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы Эгиз-Кара тоосунун айланасындагы тарыхый табылгаларды корукка алуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 33 Мызйманын 18-беренсинин 13-пункутуна жана Баткен шар мэриясынын 2016-жылдын 16-июндагы № 03-4/939 катынын, Баткен шаардык кенешинин 2016-жылдын 16-июндагы биргелешкен отурумунун протоклунун негизинде, Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы Эгиз-Кара тоосунун аймагынан табылган тарыхий табылгаларды корукка алуу максатындагы маданият, спорт, туризм, медицина жана социалдык маселелер туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, талкуулоо менен Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы Эгиз-Кара тоосунун аймагынан табылган тарыхый табылгаларды коруктоо максатында тоонун айланасы 1,5 км. аралыкка корукка алынсын.

2. Эгиз-Кара тоосунун айланасын коруктоо үчүн тийиштүү иш аракеттерди көрүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Корукталган жай боюнча маалымат шаар калкына шаардык «Өрүк зар» газетасы аркылуу жеткирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселлеер, медицина, маданият, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М. Мергенов тапшырылсын.

 

Төрага

Э. Рахматов