Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 38
Баткен шаарынын инфраструктурасын 2016-жыл ичинде өнүктүрүүгө багытталган иш чараларга толуктоолор менен өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 33 Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутуна жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 16-июндагы биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясынын № 6. 02.02.16 токтому менен бекитилген Баткен шаарынын инфраструктурасын 2016-жыл ичинде өнүктрүүгө багытталган иш чараларга өзгөртүү киргизилсин. (иш чара тиркелет)
2. Өзгөртүүлөр менен кабыл алынган иш чара шаар эллине шаардык «Өрүк зар» газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М. Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |