БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2016-жылдын 22- июну №_41
Шаар аймагында таштанды жайларга таштандыны таштагандыгы үчүн автоуналарга төлөм акы киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 31-статьясынын 14-пункутуна Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-июндагы №03-4/898 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын чыгыш түштүк тарабындагы таштанды жайларга таштандыларды таштагандыгы үчүн автоуналарга төмөнкүдөй төлөм акылары киргизилсин.
1. Жеңил автоунага үчүн 50 сом
2. Лабо автоунасы үчүн 50 сом
3. Портер автоунасына 100 сом
4. Трактор үчүн -125 сом
5. ГАЗ-53-150 сом
6. ЗИЛ -150 сом
7. Камаз -175 сом
8. Хова -250 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кенештин төрагасынын орун басары М. Орозбаевге тапшырлсын.
Төрага | Э. Рахматов |