Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № XХIX/5
К. Жунусов атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун жамаатынын кайрылуусу жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К. Жунусов атындагы орто мектебинде жайгашкан “Беш-Бадам” спорт клубун “Беш-Бадам” спорт мектебине которуп берүү боюнча карап жана талкуулап Кара-Таш айылдык кеңеши (А/кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Жунусов атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун жааматынын кайрылуусу канааттандырылсын жана № 6-протоколу бекитилсин.
2. “Беш-Бадам” спорт мектебинин иш-кагаздары тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын, бүткөрүү жагы спорт мектебинин директору М. Мамарасуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э. Кааровко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |