Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № XХX/ 4
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын Ынтымак участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 14-майындагы № 9- арызынын жана №2- протоколунун негизинде
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын Ынтымак участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 14-майындагы № 9-арызынын жана № 2 протоколунда көрсөтүлгөн мечиттин иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап айыл кеңеши (А/ кенештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын Ынтымак участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 14-майындагы № 9- арызы канааттандырылсын № 2 протоколу бекитилсин.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын Ынтымак участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун № 2 протоколуна негиз “Чечме-Сай атындыгы Ынтымак” мечити деп аталсын.
3. Керектүү иш-кагаздары тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Ж .Пратовко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |