Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № XХX/ 7
Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү “Эмирлан” балдар бакчасынын кичи (ясельный) тайпасын ачуу жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү “Эмирлан” балдар бакчасынын кичи (ясельный) тайпасын уюштуруп ачуу боюнча эмгек жамаатынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 18 протоколунун негизинде жергиликтүү каржылоого өткөрүү боюнча арызын угуп талкуулап айыл кенеши (А/к кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү “Эмирлан” балдар бакчасынын кичи (ясельный) тайпасын ачуу жөнүндөгү ата-энелердин № 13 арызы канааттандырылсын жана эмгек жамаатынын № 18- протоколу бекитилсин.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү “Эмирлан” балдар бакчасында кичи (ясельный) тайпасын ачууга уруксат берилсин.
3. Керектүү иш кагаздары тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Ж. Пратовко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |