Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-январы № 206
Пайдаланылбай калган жайыт аянтын жер салыгынан бошотуу жөнүндө
Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Чыбышев Токтогулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 27-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2015-жылы Салам-Алик жайыт комитетинин 525 га жайыт аянты пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу 7560-00 (жети миң беш жүз алтымыш) сом суммасындагы жер салыгы салык төлөмүнөн бошотулсун.
2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик салык кызматынан жогорудагы 7560-00 сом суммасындагы жайыттын жер салыгы 2015-жылдагы жер салык төлөмүнөн бошотуу жагы.
3. Токтомду тийиштүү органдарга жеткирүү жагы Салам-Алик жайыт комитетине милдеттендирилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |