Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февраы № 207
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү 2017-2018-жылдарга проектисин кароо боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2015-жылы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 13901,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 17328,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери жана чыгашалары 10905,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда тактаары белгиленсин.
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 109,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
9. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
11. Айланма кассалык калдык(оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2016-жылдын 1-январына карата 208,9 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |