Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы№ 208
1994-жылы жаратылыш кырсыгынан Ак-Терек жана 15 жаш айылдарынын жапа чеккен үй-бүлөлөрүнө Кызыл-Чарба айылынан жеке турак жай куруу үчүн берилген жер участогу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-4-пункттарына ылайык 1994-жылы жаратылыш кырсыгынан Ак-Терек жана 15 жаш айылдарынын жапа чеккен үй-бүлөлөрүнө Кызыл-Чарба айылынан жеке турак жай куру үчүн берилген жер участкаасын тактап берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Абдыкааров Эржигиттн маалыматын угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1994-жылы жаратылыш кырсыгынан Ак-Терек жана 15 жаш айылдарынын жапа чеккен үй-бүлөлөрүнө Кызыл-Чарба айылынан жеке турак жай куру үчүн берилген тийиштүү документтерди тактап берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен үй-бүлөлөргө берилген жер участкасына тийиштүү документтерди(айылдын картасын, жерди башка категорияга которуу ж.б.) тактап берип мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Өзгөн райондук Мамлекеттик каттоо кызматынан суралсын.
3. Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен үй-бүлөлөргө берилген жер аянтын генпландын негизинде бөлүп берүү жагы Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Аталган мамлекеттик органдар менен биргеликте иштин толук мыйзамдуулугун аныктап чыгуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл жана токой чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.
Төрага | А. Таштемиров |