Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 209
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына калган калдык үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча смета кабыл алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына калган эсептик счетундагы калдык акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Нуралиева Канышайдын билдирүүсүн угуп Салам-алик айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына эсептик счетто калган акча каражатына жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилип, кошумча смета, чыгаша бөлүгүнүн бюджетине 208,9 миң сомго кошумча смета түзүлсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражат эсебинин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү раздельдерине өзгөртүү киргизилсин:
-башкаруу аппарат разделинин 2215 статьясына 51,0 миң сомго,
-билим берүү разделинин 2215 статьясына 30,0 миң сомго,
-ЖКХ разделинин 2215-статьясына 127,9 миң сомго өзгөртүү киргизилип, кошумча смета түзүлсүн.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатты өз максатында сарптоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Нуралиева Канышайга милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |