Редакцияот 24.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы

 

2016-жылдын 24-февралы № 210

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Рысбаев Жолдошбек Маметабдылдаевичке Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 145-статьясына ылайык Ара-Көл айылынын тургуну Рысбаев Жолдошбекке «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Ара-Көл айылынын 2016-жылдын 19-февралындагы элдик жыйынын токтомунун жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондугу жана мамлекеттик тармактардагы жетекчилик эмгегин эске алуу менен Ара-Көл айылынын тургуну Рысбаев Жолдошбек Маметабдылдаевичке Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.

 

Төрага

А. Таштемиров