Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 211
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылындагы маданият үйүнө Бекташова Батма Бектемировнанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Чарба айылынын тургуну, айылдык китепкананын китепканачысы Бекташова Батманын ысымын Кызыл-Чарба айылынын маданият үйүнө ыйгаруу жөнүндөгү Кызыл-Чарба айылынын 2016-жылдын 7-февралындагы элдик жыйынын токтомунун жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондугу жана узак жылдар бою китепкана тармагында иштеген эмгегин эске алуу менен Кызыл-Чарба айылынын тургуну, китепканачы Бекташова Батманын ысымы Кызыл-Чарба айылындагы маданият үйүнө ыйгарылсын.
2.Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.
Төрага | А. Таштемиров |