Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 212
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кызыл-Чарба айылына маданият үйүнө көркөм жетекчи штаттык бирдик ачуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын № 31-беренесине ылайык жана Кызыл-Чарба айылына маданият үйүнө көркөм жетекчилик штаттык бирдигин ачуу боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Шайбеков Ысмайлдын маалыматын жана сунушун колдоп, жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Чарба айылынын айылдык маданият үйүнө эмгек акынын 0,7 ставкасы менен бир көркөм жетекчилик штаттык бирдиги ачылсын.
2. Ачылган штаттык бирдиктин эмгек акысы айыл өкмөтүнүн ЖКХ бөлүмүнүн тиешелүү беренелерине ылайык келишимдин негизинде төлөп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Таштемиров |