Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы№ 213
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолунан көмүр ташуучу оор жүк автомашиналардын каттамын убактылуу токтотуу жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тургуну Бөйпөев Жаныбектин билдирүүсүн угуп жана № 5-Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси А. Орозбаевдин Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясына, көмүр казуучу кен ишканаларынын жетекчилерине оор жүк ташуучу автомашиналарды убактылуу токтотуу жөнүндө 2016-жылдын 19-февралындагы “№ 42 сандуу билдирүү катынын негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тургуну Бөйпөев Жаныбектин билдирүүсүн угуп жана № 5-Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси А.Орозбаевдин Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясына, көмүр казуучу кен ишканаларынын жетекчилерине оор жүк ташуучу автомашиналарды убактылуу токтотуу жөнүндө 2016-жылдын 19-февралындагы “№ 42 сандуу билдирүү катынын негизинде Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолу аркылуу өтүүчү оор жүк ташуучу автооунаалары 2016-жылдын 1-февралынан 2016-жылдын 1-июнуна чейин убактылуу токтотулсун.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |