Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 215
Салам-Алик айылынын тургуну Бөйпөев Жаныбектин арендага жер алуу боюнча маселесин кароо
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Нуралиев Жылдызбектин маалыматын угуп, жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 28-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылынын тургуну Бөйпөев Жаныбектин сайга тиешелүү жерден бак отургузуу үчүн сураган Салам-Алик айылындагы Жазы дарыясынын жээгинен 2(эки) га жер аянты Салам-Алик айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынында каралсын жана чечип берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин айыл, мал чарбасы тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | А. Таштемиров |