Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 218
Ак-Терек айылынын элинин 1994-жылы жаратылыш кырсыгынан жапа тарткандыгына байланыштуу жер участкаларын чечүү жөнүндө
Кызыл-Чарба айылынан Ак-Терек, Салам-Алик, 15 жаш айылдарынын тургундарына 1994-жылы табийгый кырсыктан жабыр тарткандыгына байланыштуу жеке менчик турак жай курууга жер тилкесин кайтарыа алуу боюнча Ак-Терек айылынын тургуну Абдакарыев Адилбектин маалыматын угуп жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 29-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Чарба айылынан Ак-Терек, Салам-Алик, 15 жаш айылдарынын тургундарына 1994-жылы табийгый кырсыктан жабыр тарткандыгына байланыштуу жеке менчик турак жай курууга берилген жер тилкесин кайтарып алуу боюнча иштери Өзгөн райондук сотуна жөнөтүлсүн.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин айыл, мал чарбасы тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | А. Таштемиров |