Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 219
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү тууралуу
Жайыт комитетинин төрагасы Т Чыбышевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылышын кезексиз 29- сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик жайыт комитетинин 2015-жылдагы аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын
2. Салам-Алик жайыт комитетинин 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 302025-00 сомго, чыгаша бөлүгү 302025-00 сомго аткарылгандыгы кабыл алынсын.
3. Салам-Алик жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 302025-00 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 302025-00 сомго бекитилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |