Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 220
Салам-Алик жайыт комитетинин төрөгасы Чыбышев Токтогулдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы жайыттарды башка максатта пайдалануу жөнүндөгү токтомунун негизинде иштелип чыккан Типтүү Жобого ылайык жайытты башка максатта пайдаланып жаткан атуулдарга жайыт акы чегерүү боюнча Жайыт комитетинин төрөгасы Чыбышев Токтогулдун билдирүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 29 -сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды бал аары чарбачылыгын өнүктүрүү максатында пайдаланып жаткан атуулдарга кармаган ар бир бал аары челеги үчүн 30-00 сомдон жайыт акы алынсын.
2. Жайыттарды чоп ормо катары пайдаланган атуулдарга ар бир сотых жер аянтына 6-00 сомдон жайыт акы алынсын.
3. Жайыттарды айдоо (сугат, кайрак ж.б ) аянт катары пайдаланып жаткан атуулдарга ар бир сотых жайыт аянты үчүн 10-00 сомдон акы алынсын
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун өзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | А. Таштемиров |