Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 221
Жайыт пайдалануучулардын акы төлөөсү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Т Чыбышевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 29 -сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 65-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда : Кой-эчкиге 13-00 сом;
Жылкыга 65-00 сом;
Кара малга 65-00 сом;
2. Райондун аймактарынан келген жайыт пайдалануучулар үчүн ар бир баш шарттуу малдын башына 125-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда: Кой-эчкиге 25-00 сом;
Жылкыга 125-00 сом;
Кара малга 125-00 сом;
3. Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:
Кара малга 300-00 сом;
Кой-эчкиге 70-00 сом;
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |