САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 29-сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 222
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн № 23 «Салам-Алик айылдык үй-бүлөлүк дарыгелер тобунун жетекчиси Жамантаев Женалини Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 145 статьясына ылайык № 23 Салам-Алик айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жамантаев Женалини Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» сунуштоо жөнүндөгү жамааттын 2016-жылдын 12-апрелиндеги жыйынын отурумунун жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 29-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл аймагынын элдин саламаттыгын сактоодо үзүрлүү эмгектенгендиги, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондугу жана кесиптик тармактардагы жетекчилик эмгегин эске алуу менен № 23 Салам-Алик үй-бүлөлүк тобунун жетекчиси Жамантаев Женали Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» сунушталсын.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |