Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 224
Кызыл-Чарба айылындагы М. Сагынова атындагы орто мектебинин спорт залынын ылдый жагынан туалет куруу жана алты атуулга турак жай салууга чек ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Чарба айылындагы М. Сагынова атындагы орто мектебинин спорт залынын ылдый жагынан туалет куруу жана алты атуулга турак жай салуу үчүн чек ажыратып берүү жөнүндө Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты Шайбеков Ысмайылдын сунушун талкуулап Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 29-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер мыйзамдарына ылайык Кызыл-Чарба айылындагы М. Сагынова атындагы орто мектебинин спорт залынын ылдый жагынан туалет куруу жана алты атуулга турак жай салуу үчүн чек ажыратып берүүнү тактоо Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |