Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-февралы № 1.2
Бостери айылынын тургундарынын оозеки арызын карап, угуп, карышкырлар көбөйүп кетип, элдин малын кырып жатканына байланыштуу, аларды атып жок кылуу максатында, Бостери айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагында ар бир атылган карышкыр үчүн (далил келтирилгенде) 5000 (беш миң) сом акча каражаты сыйлык катарында аткан мергенчиге берилсин.
2. Бостери айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жагы Айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы бюджет, финансы, экономикалык инвестиция табуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сооронбаев |