Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-февралы № 1.4
Айылдык кеңештин токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Бостери айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагында калктын көбү кыргыз улутундагылар болгондугуна байланыштуу, айылдык кеңештин нормативдик укуктук актылары бир гана мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Бул токтомду Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан өткөрүү жагы Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч. Джолдошевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Асеиновго жүктөлсүн.
Төрага | А. Сооронбаев |