Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-марты № 1.2
Бостери айыл аймагындагы тургундарынын 2016-ж. 23-март айында малды жайлоого чыгаруу боюнча акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө жыйынынын Протоколун талкуулап, Бостери айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайлоого чыгаруу боюнча малчыларга элдердин төлөө акысы төмөндөгүдөй бекилсин:
1.1 бодо мал биринчи айга – 400( 50 сом салык), калган айларга – 350 сомдон,
1.2 кой, эчки биринчи айга –70сом (10 сом салык), калган айларга- 60 сомдон.
2. 2016-жылдын 1апрелден баштап 15 апрелге чейин элдер малчыларга бүт малды кошуп, малчылар 15 апрелден баштап ортонку жайытка чыгарсын жана 1 октябрга чейин жайлоодон мал түшпөсүн.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн шарттарды аткарбаган малчыларга төмөндөгүдөй чаралар көрүлсүн:
3.1. Эскертүү, айыл Өкмөт тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтар чектелсин (маалымкат берүү, жер, мүлк тууралу иш кагаздар, келишим түзүүлөр;
3.2. 5000 (беш миң) сом айып пул;
3.3 Актыда көрсөтүлгөн сайын 10000 (он миң) сомдон айып пул.
4. Жайында жол жээгинде сатууга деп алып калынган малдын ээлери короодон чыгарбасын.
Эгерде малын чыгарып, кышкы жайыт жана айдоо аянттарга жая турган болсо бодо-малга 700-1000 сом, кой-эчкиге 150-200 сомго чейин айып пул төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл өкмөтү жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомду контролдоо жагы агрардык жер реформасы, айыл-чарба продукциясын иштетүү, ишкерчилик иши, социалдык өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Сооронбаев |