Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 3
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин 30-декабрь 2015-жылдагы “Тарых жана маданият жылы” № 286 жарлыгынын негизинде Бостери айыл аймагында “Менин айылым “, ”Мыкты маданият мекемеси”, ”Эл ичи өнөр кенчи “кароо сынагын салтанаттуу өткөрүү максатында Бостери айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизилсин.
2. Бостери айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен өздүк резервдик фондунан 50000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. 22154900 (башка тейлөө кызматтарына жана контракт боюнча төлөөгө байланышка башка чыгымдар) турак- жай коммуналдык кызматынын дэңгээлинен маданият боюнча башка иш-чаралар дэңгээлине 100000 (жүз миң) сом акча каражаты көбөйтүлүп берилсин .
4. Токтомдун аткаруу жагы бостери айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бекитилген системанын негизинде “Менин айылым”иш чарасына акча каражаты чыгымдалсын.
6. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | М. Байтокова |