Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-майы № 3
Проекттик сметалык документтерин жасоо боюнча бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Долбоордун жумушчу топтун карылуусун угуп, талкуулап Бостери айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айылындагы Х. Жээнбаев мектеп-лицейге тиешелүү спорт аянтчасына курулуш иштерин жүргүзүүгө “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү” долбоорунун техникалык грантынан берилген 173000 (жүз жетимиш үч миң) сомдун ичинен 100000 (жүз миң) сом бөлүнүп берилсин жана жетпей калган акча каражаты 2016-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизилип, бөлүнгөн 17000 000 (бир миллион жети жүз миң) сомдон чыгымдалсын.
2. Бостери айылындагы А.Мамытов гимназиянын имаратына ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик окуу класстарды ачуу үчүн керектелүүчү иш кагаздарына жана иш чараларга кеткен чыгымдар “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү” долбоорунун техникалык грантынан берилген 173000 (жүз жетимиш үч миң) сомдун ичинен 73600 (жетимиш үч миң алты жүз) сом акча каражаты чыгымдалсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Бостери айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м. а. | М. Байтокова |