Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 1
Бостери айыл аймагынын 2016-жылга жергиликтүү бюджети жана 2017-2018 жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жана Бостери айыл аймагынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып, Бостери айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 37708,1 (отуз жети миллион жети жүз сегиз миң бир жүз) сом өлчөмүндө, анын ичинен атайы каражаттар боюнча 1280,0 (бир миллион эки жүз сексен миң) сом эсебинде бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. 2017-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнчак 39660,1 (отуз тогуз миллион алты жүз алтымыш миң бир жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. 2018-жылга карата 42141,6 (кырк эки миллион бир жүз кырк бир миң алты жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. 2015-жылдан 2016-жылга калган 432,7 (төрт жүз отуз эки миң жети жүз) сом эсебиндеги калдык тиркеменин негизинде бөлүнүп бекитилсин.
5. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл аймагынын башчысы К.Р. Асеиновго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Ж. Усуповго милдеттендирилсин.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана малекеттик каттоо реестрине киргизүү үчүн областык Юстиция Башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтомду контролдоо жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сооронбаев |