Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 3
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башкы кеңсесинин жыйындар залына айылдык маданият үйү деген статус берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башкы кеңсесинин жыйындар залына айылдык маданият үйү деген статус берүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башкы кеңсесинин жыйындар залына убактылуу айылдык маданият үйү деген статус берүү жагы сунушталсын.
2. Айылдык маданият үйүнүн штаттык бирдигин чечип берүү жагы КР нын маданият жана маалымат министрлигинен суралсын.
3. Маданият үйүнүн иштоо принцибин тактап берүү жагы Баткен райондук маданият үйүнүн башчысынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. У. Иметов |