Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 7
Өкмөт башчысынын ишин кароо жөнүндө
Ак-Татыр айылдык кеңешинин токтомдорун юстиция министрлигинен өз убагында каттабагандыгы жана айылдык кеңештин депутаттарына орой мамиле жасагандыгы учун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев Каныбек Тайировичтин ишин угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айылдык кеңешинин токтомдорун юстиция министрлигинен өз убагында каттабагандыгы жана айылдык кеңештин депутаттарына орой мамиле жасагандыгы үчүн Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев Каныбек Тайировичке эскертүү берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, тартипти чындоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. У. Иметов |