Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 4
Жалал-Абад шаарынын Хамза көчөсүндөгү Жалал-Абад областтык балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык үйүнүн короосунда жаӊы курулган кошумча имаратты муниципалдык менчикке баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин Жалал-Абад шаарынын Хамза көчөсүндө жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык үйүнүн короосунда жаӊы курулган имаратты муниципалдык баланска алуу жөнүндө 24.05.2016-жылдагы № 01-4/769-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Хамза көчөсүндө жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык үйүнүн короосунда жаӊы курулган имаратты муниципалдык баланска алууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Хамза көчөсүндө жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык үйүнүн короосунда жаӊы курулган имаратты муниципалдык баланска алуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын толуктап, мыйзам чегинде муниципалдык баланска алуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б. Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана токтомдун аткарылгандыгы боюнча маалыматты шаардык кеңешке берүү жагы вице-мэрге (У.Маматов) жүктөлсүн.
5. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
өрага | Э. Ормоков |