Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 5
Жалал-Абад шаарынын Мир кинотеатрынын аянтын Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментине чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин Мир кинотеатрынын аянтын Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментине чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө 09.06.2016-жылдагы № 01-4/844-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Мир кинотеатрынын аянтын Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментине чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Мир кинотеатрынын аянтын коммуналдык чарба департаментине чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга өткөрүп берүү үчүн тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жана мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б. Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин директоруна (А.Нуркулов) чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга берилген мүлктүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты шаардык кеңешке берүү жагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б. Джусупбеков) жүктөлсүн.
6. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |