Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 8
Жалал-Абад шаарынын СМУ кичи районуна бала бакча сатып алуу жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын СМУ кичи районунан бала бакча сатып берүү же куруп берүү жөнүндө жогорудагы кичи райондун жашоочуларынын арызы Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, кичи райондо калк жыш жайгашкандыктан бала бакчалардагы балдардын санынын көптүгүн эске алып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын СМУ кичи районунан бала бакча сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен акча каражатын бөлдүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине кайрылуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (С. Авазов) милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын СМУ кичи районунан бала бакча сатып алууга акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн учурда, ремонт иштерин жана тийиштүү эмерек менен камсыз кылуу Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги тарабынан колго алынаары белгиленсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу шаардык кеӊештин сессиясында маалымат берүү жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |