Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июлу № 29/2
Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер борбору 2016-жылы аткарган иштери жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер борборунун директору Р. Насырованын 2016-жылда 6-айда аткарган иштери боюнча маалыматын угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын ( 6-чакырылыштагы ХХIX cессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер борборунун директору Р. Насырованын 2016-жылы аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы эски терапиянын жана шаардык поликлиниканын имараттарын оңдоп түздоо боюнча проектер мэрия жана жалпы дарыгерлер борбору менен биргеликте түзүлүп шаардык кеңешке сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жана жалпы дарыгерлер борборунун директору Р. Насыровага жүктөлсүн
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж. Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т. Айтиевге) жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |