Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июлу № 29/3
Көк-Жаңгак шаарындагы муниципалдык менчикте турган жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарындагы муниципалдык менчикте турган жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча комиссиясынын жетекчиси вице-мэр С. Жусупованын 2016-жылы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын ( 6-чакырылыштагы ХХIX cессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы муниципалдык менчикте турган жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча комиссиясынын жетекчиси вице-мэр С. Жусупованын 2016-жылы жер маселеси боюнча аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жаңгак шаарынын жарандарына үй куруу үчүн бөлүнө турган жер участкалары такталсын, аткаруу жагы шаардын архитертору Ж. Достановго жана мэриянын жетектөөчү адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж. Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т. Айтиевге) жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |