Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июлу № 29/4
Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар эс алуу борбору 2016-жылга даярдыгы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар эс алуу борбору 2016-жылдга даярдыгы боюнча шаардык мэриянын башкы адиси А. Хатамованын маалыматын угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын ( 6-чакырылыштагы ХХIX cессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар эс алуу борбору боюнча А. Хатамованын маалыматы эске алынсын.
2. «Барчын» балдар эс алуу борборунун иш кагаздары тартипке келтирилсин, маалыматта көрсөтүлгөн кемчиликтер тез аранын ичинде жоюлсун, аткаруу жагы «Барчын» балдар эс алуу борборунун жетекчиси Г. Жолоевга жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж. Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т. Айтиевге) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |