Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 26/3
Семиз-Бел айыл аймагындагы жарандарга берилүүчү маалыматтардын бааларын (тарифтерин) бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтү тарабынан элге кызмат көрсөтүүдө маалыматтардын бааларын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө акы алып кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин
- үй-бүлөө тууралуу маалымат -5 сом
- жашагандыгы тууралуу маалымат – 5сом
- менчик малын сатууга маалымат- 10 сом
- каттоого туруу, каттоодон чыгуу -5 сом
2. Айыл өкмөтү боюнча жеңилдик берүү максатында 30-апрель 2001-жыл КР Мамлекеттик пособиялар жөнүндө мыйзамынын 28-беренесине ылайык соц. жардам, соц фонд бөлүмүнө, райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө, райондук сотко, райвоенкоматка берилүүчү маалыматтар акысыз берилсин.
3. Айыл өкмөтүнө үй бүлөө жана жашагандыгы тууралуу маалымат берүү Ниязбек кызы Махабатка жана айылдарда жашаган жарандарга мал мүлкү тууралуу маалыматтарды берүү Семиз-Бел, Чекилдек, Арсы айылдарындагы айыл башчылары Намазбек у. Бектурсун, К.Карабаев, К.Ирсалиевдерге милдеттендирилсин.
4. Айыл тургундарын өз убагында мал мүлкү тууралуу маалыматтарды берүү менен малдарды каттоонун негизинде туура, так берилишин камсыз кылуу жана ар бир берилген маалыматка жоопкерчилик тартаары айыл башчыларына эскертилсин.
5. Мал тууралуу берилген мааламаттар боюнча ай сайын айыл өкмөтүнө отчет берип туруу жагы айыл башчыларына тапшырылсын.
6. Кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын эсебине топтолуп, айыл өкмөтүнүн концелярдык чыгымдарына пайдаланылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүровага тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев |