Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 29/4
Семиз-Бел айыл аймагынан ташылып жаткан топурак, кум, ташка акы бекитүү жана таштанды тѳгүүчү жайларды тартиптештирүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу айыл тургундарынын суроо талаптарын эске алуу менен айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу баардык карьерлерден алына турган топурак, кум, ташка акы бекитүү жѳнүндѳ туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы карьерлерден алына турган топурак, кум, таш тартып чыккан автоунаалардан тѳмѳндѳгү ѳлчѳмдѳ акы алынсын.
Чоң жүк ташуучу машиналар
(ХО,ж.б)-300 сом
Камаз-100 сом
Маз-100 сом
Зил-100 сом
Газ 53-100 сом
Трактор-50 сом
2. Кара-Тоо айылындагы карьерлерди кайтарууга жана кѳзѳмѳлгѳ алып, таштанды тѳгүлүүчү жайларды тартиптештирип, кѳзѳмѳлдѳп кум, таш, топурак ташыган унаалардан алына турган акыны алып, айыл ѳкмѳткѳ тѳгүп берүү жагы Кара-Тоо айылынын тургундары Кубанычбек уулу Шумкарга, Бугубаев Урматка ,Алымбек уулу Бекжанга милдеттендирилсин.
3. Семиз-Бел айылдык кеңешинин 25.04.2013-жылдагы кезексиз V сессиясынын № 5/3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун мыйзамдаштырып бекитип берүү жагы Нарын облустук монополияга каршы саясат боюнча башкармалыгынан суралсын.
5. Чогулган акча каражатын мыйзамдуу тѳгүлүшүн кѳзѳмѳлдѳѳ жагы башкы бухгалтер А. Касымовага тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагы Б. Кѳбѳновго жана туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев |