Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 29/5
Кара-Тоо айылынын Жээк кѳчѳсүн ѳзгѳртүп Казы Иманалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Союз убагында башкы эсепчи болуп иштеп, райондук Кеңештин депутаты, айылдык Кеңештин кѳп жолку депутаты болуп шайланган, кѳп жылдар бою эсеп палатасында эмгектенип, «мамлекеттик аудит отличниги» ж.б. кѳптѳгѳн сыйлыктар менен сыйланган, элге эмгеги сиңген азыркы учурда ардактуу пенсионер 1946-жылы Мантыш айылында туулган Иманалиев Казы Султанкуловичтин ысымын Кара-Тоо айылынын Жээк көчөcүнүнө ыйгаруу жөнүндөгү кѳчѳсүнүн тургундарынын 8-май 2016-жылдагы ѳткѳрүлгѳн элдин чогулушунун протоколун жана Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын «Жээк» кѳчѳсүнүн тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана Жээк кѳчѳсү « Казы Иманалиев » атындагы кѳчѳ деп аталсын.
2. «Казы Иманалиев » кѳчѳсүнѳ мыйзамга ылайык кѳчѳнүн атын жазып, катар номерин коюу иштерин жана кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу жана тазалык иштерин уюштуруп кѳзѳмѳлдѳѳ К. Иманалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы туруктуу комиссияга жана Кара-Тоо айылынын айыл башчысы Б. Кѳбѳновго тапшырылсын.
Тѳрага | М. Букамбаев |