Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 2
Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 2-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын тургундары Н. Садыров жана А. Жумабаевдин оозеки кайрылуулары карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Булак конушундагы мүрзөгө чыккан 3 жолду жана Сары- Куурайдын мүрзөөсүнө чыгуучу 2 жол, Очок- Бишкектин мүрзөөсүнө чыгуучу 1 жолду жана Сары-Куурай жаны конушундагы көчөлөрүн ирээтке келтирип, ондоп түзөө үчүн акча каражатын аныктоо үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн :
Б. Байсалов- Бакай- Ата райондук архитектура башкармалыгынынбашчысы, комиссиянын төрагасы
Р. Шатманов- Өзгөрүш айыл аймагынын депутаты, жер комиссиясынын төрагасы, төраганын орун басары
Ш. Райымбеков- Өзгөрүш айыл аймагынын депутаты,комиссиянын мүчөсү
Э. Тилемишев-Өзгөрүш айыл аймагынын депутаты,комиссиянын мүчөсү
К. Кенекеев- Өзгөрүш айыл аймагынын жер адиси,комиссиянын мүчөсү
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |