Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 6
Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 2-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын вет адиси С. Токобаевдин элдик жыйында сунуштаган сунушун угуп, карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагында 2016-жылдын 4-февралындагы Өзгөрүш айыл аймагында болуп өткөн элдик жыйында С. Токобаевдин сунушун угуп Өзгөрүш токоюндагы кыргоол атууга, балыкты ток менен улоого 5 жылдык мөөнөткө мораторий жарыялансын
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |