Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 6
Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 3-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбекованын оозеки сунушун угуп, карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагындагы тургундарынын малдарын кайтаруудагы кызмат көрсөтүүдө алынган эмгек акысы ар бир башка төмөндөгүдөй бекитилсин :
Кой, эчки -50 сом
Торпок- 400 сом
Уй – 500 сом
Кулунду бээлерге- 700 сом
Тай- 500 сом
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин
Төрага | Т. Бечелов |