Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 3
Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 4-сессиясында Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Д. Толошовдун кайрылуусун карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 9-майында аба ырайынын кескин өзгөрүлүп тобурчак жаап, Сары-Куурай конушунда сел жүргөндүгүнө байланыштуу арыктарга лоток, жолдоруна кум шагыл төгүү үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
Д. Толошов- Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты,комиссиянын төрагасы
Р. Шатманов- Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары
Б. Бапиев- Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты, мүчө
К. Кенекеев- Өзгөрүш айыл аймагынын жер адиси, мүчө
Бакай- Ата райондук архитектуранын өкүлү (макулдашуу жолу менен)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |